Биз Кыргызстанда демократия менен бирге чоңойгонбуз Асия Сасыкбаева, «Интербилим» Эларалык борборунун директору
"
«Интербилим» борбору Кыргызстандагы алгачкы жана туруктуу өкмөттүк эмес уюмдардын бири катары, далай жылдардан бери эдвокасинин жана лоббирлөөнүн заман бап ыкмаларын өздөштүрүп келет.
Кыргызстандын калкынын көпчүлүк бөлүгү, айрыкча алыскы райондордо жашагандар, өздөрүнүн укуктарын билишпейт жана кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, алар өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга жана чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катыша алышпайт. Эгер мурда Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар негизинен социалдык тармактагы маселелер менен гана алпурушуп келишсе, бүгүн болсо алар белгиленген маселелердин түп-тамырына чейин кароого жана анын себебин жок кылууга аракет жасашып, кийинки тепкичке, күчтүү жарандык сектордун өнүгүшүн негизги милдет катары билишет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарды демократташтыруу, глобалдаштыруу процесстери, адам укуктары, өкмөттүн иш аракеттери, коррупция, мамлекеттик структуралардын отчеттуулугу жана айкындыгы, мыйзамдуулуктун ишке так ашырылышы сыяктуу башка иштер кызыктырат.
Эдвокаси жана лоббирлөө кампанияларын өткөрүү жана өкмөттүк эмес уюмдарга кеңешме-методикалык жардамдарды берүү - «Интербилим» борборунун бирден-бир башкы багыты болуп саналат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү дагы, эл аралык дагы биздин өнөктөштөр, борборубузду тренинг өткөрүп, кеңеш берүү ресурстук уюму катары гана карабастан, эдвокаси жана лоббирлөө/сүрөөнчүлүк тармагы боюнча эксперт катары да таанып билишет.
"
Миссиябыз
Калктын калың катмары менен эмгектенип, жарандык коомдордун
ишин өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу чыңдап, жамаатык топторду уюштуруу, коомдук
мүнөздөгү, демилгелүү адамдардын күчү менен жарандык коомдун өнүгүшүнө жагымдуу
чөйрөнү түзүү.
Биздин баалуулуктар:
профессионалдуулук;
жоопкерчилик;
адилеттүүлүк;
толеранттуулук;
байлык.
Биздин ишмердүүлүк:
коммерциялык эмес уюмдарды (НКО), жамааттык уюмдарды (ООТ), жарандардын демилгелуу топторун (ИГ) түзүү жана институциялык өнүгүү жагынан колдоо көрсөтүү;
жарандык укуктарды жана кызыкчылыктарды колдоо (эдвокаси жана сүрөөнчүлөө);
лидерликти өнүктүрүү;
секторлор аралык өз ара аракет;
тармактык ишмердүүлүк;
маалымат-басылма иши.
Биз жөнүндө
Биз, «жарандык сектордо» практикалык иш жүргүзүүдөгү бай тажрыйбага ээ болгон билимдүү, жогорку квалификациялуу профессионал адистер болуп саналабыз. Көпчүлүгүбүз жергиликтүү, россиялык жана эл аралык тренинг борборлорунан билим алганбыз.
Жаңылыктар
15 Апрель 2008, 14:40 Жаштар программасы ВООН-ПРООН “Интербилим” борборун маалымат колдоосу менен Сиздерге таанышуу үчүн Ак китептин “Жаштар - Кыргызстандын стратегиялык ресурсу” Кыргыз Республикасындагы жаштар саясат тууралуу жалпы элдик саясий форматта иштеп чыгарылган биринчи вариантын сунуштайт